Аял төшөктү каалабай жатса жубайы эмне кылуу керек?
Тилекке каршы, жашоодо жубайлардын ортосунда пикир келишпөөчүлүк мезгили башталган учурлар болот. Мындай учурда биринчи кезекте эле жубайлардын сексуалдык жашоосунун начарлашы башталат. Аялы күйөөсүн каалабай жатса эмне кылуу керек деген суроонун бир түрдүү жообу жок-анткени ортодогу ымаланын жакшы болушуна экөө тең жооптуу.
Эгерде аялы жубайын каалабаса кандай аракет кылуу керек?
Адегенде аялдын эмне үчүн мындай болуп жатканынын себептерин аныктап алган жакшы. Алар бирөө эле эмес болушу мүмкүн. Жубайлардын төшөктөгү мамилесинин муздашынын эң кеңири таралган себептерин сунуштайбыз.Алар:
Аялдын физикалык жактан чарчап жүрүүсү. Аялдын жашоосун элестетип чыгыңыз, ал эртең менен турат, үй-бүлөсүнө тамак дайындайт, жумуш иштеген аял болсо ишине кетет, ал жерден толук иштеп күчүн берет.Үйгө келгенде да ал көп ишти кылышы керек болот: кир жууйт, үтүк үтүктөйт,тамак жасайт, үй жыйнайт. Белгилүү болгондой көпчүлүк аялдардын үй жумушунун көлөмү көзгө көрүнүктүү болбогону менен аябай чоң жумуш болуп саналат.Эгерде сиздин аялыңыздын төшөктү каалабай жатышынын себеби физикалык жактан чарчап калуу деп байкасаңыз, анда ага камкордук кылып, көмөктөшүңүз.
Стресс же болбосо депрессия. Аялдар эркектерге караганда алда канча эмоцианалдуу экенин эстен чыгарбаңыз.Кайсы гана ал тургай бир аз эле эркектин нааразы болушу стресс маалында анын ачууланып кетишине алып келиши ыкытмал. Аял өзүнүн тынчсызданууларын сиз менен бөлүшүп жатса аны угуп колдоо көрсөтүңуз. Айымдар мындай камкордукка абдан муктаж жана көңүл бөлгөнүңүздү жогору баалайт.
Төрөттөн кийинки мезгил. Бул учурда аялга кысым көрсөтүү туура эмес. Үй-бүлөдө дагы бир адамдын пайда болушу да чоң стресс. Баланы түнкүсүн кароо аны багуу эненин көп энергиясын алат.Мындай учурда аялда көбүрөөк уктоо деген гана каалоо калат. Эркек киши мындай учурда аны түшүнүп колдоосун аял күтөт.Ага жардам берип көмөктөшүңүз.Анлдан тышкары төрөттөн кийин аялдар өз келбетине катуу тынчсызданып өзүнө берген баасчы төмөндө кетиши ыктымал. Бул сексуалдык каалоого абдан таасирин тийгизет.
Көптөн бери чогулган катуу таарыныч. Эгерде аялы күйөөсүн төшөктө каалайба жатса бул олуттуу ойлоно турган нерсе. Болжолу мамилеге катуу жаракка кетиши да ыктымал,балким аял ажырашууга даярданып жатат же анын жашоосунда бөтөн эркек пайда болду. Ошондуктан эркек үй-бүлөсүн сактагысы келсе маселени дагы тереңдетпей, аны кайра коркутуп тултуңдап таарынбай аялы менен кепке келип баарын ачыктап алганы жакшы. Жүрүм-турумуңузду анализдеп, үй-бүлөнү сактап калуунун камын кылган дурус.
Ссылка: https://barometr.kg/ayal-tshkt-kaalabaj-zhatsa-zhubajy-emne-kyluu-kerek
Добавить комментарий ×