Аял эркекти бычак менен ичке сайды
Бычактан жаракат алган эркек киши ооруканага жаткырылды. Шектүү кармалганын Чүй областык Ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
2019-жылдын 20-апрелинде Сокулук райондук ИИБге аймактык ооруканага бычакталган эркек киши түшкөнү кабарланган.
Окуя болгон жерге Сокулук райондук ИИБдин тергөө-оперативдүү тобу барып, жарат алган адамдын өздүгүн тактаган. Ал 32 жаштагы Л.Н болуп чыкты.
Эркек адамдын курсак көңдөйүнө бычак киргени аныкталган. Сурак учурунда жабырлануучу 20-апрелде 23:00дө себепсиз ичке бычак сайып, изин жашырып кеткен аялга чара көрүүнү суранган.
Бул факт боюнча КБР АМСте (АИС ЕРПП) катталып, керектүү экспертиза дайындалды.
Оперативдүү тергөө иштеринин жүрүшүндө Сокулук районунун ИИБ Криминалдык милиция кызматы аялдын өздүгүн тактады. Ал 29 жаштагы Д.Р. болуп чыкты.
Учурда Д.Р. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 39-130 ("Өлтүрүү үчүн кол салуу Покушение на убийство") беренеси боюнча шектелүүдө. Милиция кызматкерлери абалдын бардык жагдайларын текшерүүгө алды.
Ссылка: https://barometr.kg/ayal-erkekti-bychak-menen-ichke-sajdy
Добавить комментарий ×