Бишкекте 18 жаштагы жигит автоунааны айдап качканга аракет кылган деп кармалды

11 март 2020 20:05 619 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын кайгуул кызматкерлери тарабынан автоунааны айдап качканга аракет кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат бөлүмү билдирди. 

2020-жылдын 10-марттында  болжол менен саат  02:55 чамасында Бишкек шаарынын “102”  кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде автоунааны уурдап качканга аракет кылып жатат деген  маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматы барып маалыматты тактаганда, 1979-жылы туулган  Ю.Б арыз менен кайрылган. 

Анда арыз ээсинин үйүнүн короосунда токтоп турган “Honda CRV” үлгүсүндөгү  автоунаасын белгисиз жаран мыйзамсыз ачып, белгисиз тарапка айдап кеткенге аракет жасаган.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кайгуул кызматкерлери  тарабынан кылмыш иизин суутпай шектүү катары 2002-жылы туулган С.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин районунун ИИБнин  тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Бул факт боюнча Ленин районунун ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин  (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Ссылка: https://barometr.kg/avtounaany-ajdap-kachkanga-araket-kylgan-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий