Австралиядагы океан жээгинен мындан 25 млн жылдар илгери жашаган мега-акуланын тиши табылды

10 август 2018 19:05 2064 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Археологдор Австралиядагы пляждардын биринен мега-акуланын тишин табышты. Бул туурасында Phys.org маалымат агенттиги жазды. Филипп Маллали өзүнүн тапкан табылгасы тууралуу мындай дейт:

"Мен сууну жээктеп, археологиялык калдыктарды карап, издеп бара жаткам. Кокусунан ушул тишти көрүп калдым. Бул абдан маанилүү табылга экенин түшүндүм, сөзсүз элдер менен бөлүшүүнү туура көрдүм"

Билдирүүгө ылайык, табылган калдык кадимки акулалардын тишинен эки эсе чоң келет. Австралиядагы музейдин башкы куратору, полеонтолог Виктория Эрихтин айтымында 7 сантиметрлик тиш мындан канча жыл илгери жоголуп кеткен жалпак тиштүү акулалардын тибине кирет. Тарыхчылардын айтымында, мындай акулалар океанда 25 миллион жылдар мурда жашаган. Алардын узундугу 9 метрге чейин болгон жана майда киттин балдары, ошондой эле пингвиндер менен тамактанган. 

Ссылка: https://barometr.kg/avstraliyadagy-okean-zheeginen-myndan-25-mln-zhyldar-ilgeri-zhashagan-mega-akulanyn-tishi-tabyldy



Добавить комментарий