Австралияда өтүүчү кросс боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан кимдер барат?

16 январь 2023 12:55 476 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 14-январда Дене тарбия академиясынын манежинде 8000 метрге чуркоо болуп өттү. Бул тууралуу аталган академиянын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Бул жарыш 18-февралда Австралиянын Батурст шаарында өтө турган жарыш боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо болгон.

Жарышка 14 профессионал жана ышкыбоз жөө күлүктөр катышты. Алыстыктын акыркы айлампасына чейин Александр Салахудинов менен Бердигул Айтбай уулу жеңиш жана Австралияга жолдомо үчүн күрөштү.  

Салахудинов акыркы раундда  атаандашынан 5 секунда алдыга озуп чыгып, жеңишти тартып алды.   

Эми, ал машыктыруучусу менен  Австралияда өтүүчү кросс боюнча   дүйнөлүк чемпионатка барат.     


Ссылка: https://barometr.kg/avstraliyada-tch-kross-boyuncha-djnlk-chempionatka-kyrgyzstandan-kimder-barat



Добавить комментарий