Авланбек Жумабаев: "Жаңы кодексттер боюнча педофилдер мунапыс ала албайт"

26 январь 2019 12:31 2251 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Медиаэксперт Авланбек Жумабаев жаңы кодексттерди туура эмес элге жеткирип жатканына нааразы экенин билдирди. Бул тууралу Жумабаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Медиэксперттин айтымында, жаңы ишке кирген кодексттерди коомго жек көрүнтүү үчүн этияттап мамиле кыла турган, сезимтал темалардан бери козголду. 

"Алардын арасында педофилдерге жаза мөөнөтүн азайтыптыр деген так эмес маалымат желдей тарады. Окурмандарын көбөйтө албаган ресурстар бул теманы тактабай эле көтөрүп чаап жатып калышты. Чын эле ошондой бекен деп кызыктым, юристтерден кеңеш алдым. 

Эмесе бул кылмыш боюнча жаңы кодексттерде каралган жоболордун маңызы төмөндөгүдөй экен: 

Биринчиден, эски кодекстте да, жаңыда да бул кылмыш боюнча максималдуу жаза мөөнөтү өзгөрүлгөн эмес - өмүр бою камалат! Андыктан элге такталбаган маалымат берип, 15 эле жыл берип коюп тим болушат экен деген сөзүңөр туура эмес. 

Экинчиден, экси кодексттер боюнча жабыркаган балдардын туугандары "дооматым жок" деген арыздарды берип, кылмышкерлерди кутултуп жиберген маалыматтарды окуп, төбө чачыбыз тик турчу. Мындай окуялар болгонун эч ким тана албайт. Маалымат майданында андай маалыматтар толтура чыгат. Ал эми жаңы кодексттерде андай норма жок! Кылмыш катталып, такталгандан кийин андай арыздар кабыл алынбайт! Кылмышкер андай жобо менен милициядан да, соттон да бошоно албайт! Ошентип акыйкатсыздыктын жана коррупциянын бир краны жабылды. Милициясы да, соту да, прокурору да бир парадан кур калды.

 Үчүнчүдөн, эски кодекс боюнча соттолгон педофилдер шарттуу түрдө мөөнөтүнө чейин бошотулуп чыгарылчу, аларга мунапыс колдонулчу, эскирүү мөөнөтү да колдонулуп келген. Ал эми жаңы кодексттер боюнча бул наадандарга мындай мүмкүнүлүктөр берилбейт! 

 Мына, наадандарга каралган ушундай жазалардан кийин кантип жаңы кодекстер бөбөктөрдү зордуктаган шүмшүктөрдүн жазасын жеңилдетти деп жазасыңар?", - деп нааразычылыгын билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/avlanbek-zhumabaev-zhay-kodekstter-boyuncha-pedofilderdi-munapys-ala-albajt



Добавить комментарий