Аваз менен Айдана ачыка чыгышты

5 октябрь 2018 08:45 8757 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Аваз Акимов көптөн бери элден катып келген Айдана Дека менен болгон мамилесин ачыкка чыгарды.

Аваз өзүнүн инстаграм баракчасына Айдана менен ыкташып түшкөн сүрөтүн жүктөдү жана баяндамасына:

"Жаным, туулган күнүң менен" -деп билдирүү калтырган.

Экөөнүн мамилеси тууралуу күйөрмандары канчалык кызыгышса да ачыкка чыкпай келишкен. Эми мынтип Аваз өзү көпчүлүккө жар салды.

Ырчынын сахналаш достору куттуктоолорун байма-бай айтып жатышат. Той болчу күн алыс эмес экшойт.


Ссылка: https://barometr.kg/avaz-menen-ajdana-achyka-chygyshty



Добавить комментарий