АУЦАда “Атанын керээзи” тасмасы акысыз көрсөтүлөт

26 март 2019 20:59 1205 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор Азиядагы Америка университетинин кампусунда баардык каалоочуларга белгилүү кыргыз тасмасы болгон “Атанын керээзи” фильмин ачык (акысыз) көрсөтүлөт.Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Аталган тасманы режиссерлер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тартышкан.

Ошондой эле тасмадан кийин кино сынчылар “гениалдуу тасма” деп аташкан фильмди тартуучулар менен сүйлөшүүгө болот.

Тасма 28-мартта АУЦАнын төртүнчү кабатында, саат 14:00дө башталат. Конокко тасманын режиссерлору Дастан Жапар уулу  жана Бакыт Мукул келет.

“Атанын керээзи” тасмасы 2016-жылы тартылып, Канадада өткөн Монреал дүйнөлүк кино фестивалында баш байгеге ээ болгон.

Ошондой эле Италия, Индия, Бангалордо сыйлыктарды утуп алууга жетишкен.  

Ссылка: https://barometr.kg/aucada-atanyn-kereezi-tasmasy-akysyz-krstlt



Добавить комментарий