Аткаминер карантиндин шартын сактабагандарды сөктү – видео

7 апрель 2020 14:12 1232 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун орун басары Владимир Прокопьев элге карантин учурунда үйдөн чыкпоосу боюнча кайрылуусунда сөгүнгөн сөздөрдү колдонду. Видео социалдык тармактарга тарады.

Ал өзгөчө карантинге карабай чогулуп алып шашлык бышырып жаткандарга кайрылды. Прокопьев учурдан пайдаланып убактысын “эң кызыктуу” кылып өткөрүүнү каалаган жаштарга кайрылып, мындай аракеттери туура эмес экенин жана алардын “акылы ордундабы” деп кызыкты.

“Бүгүн көптөгөн ооруканада болуп келдим. Ал жакта хайп эмес, абао оор сыркоологон кишилер жатат. Алды өлүп жатат. Үйдө отуруп, китеп окугула. Колду жуугула. Акылдуу болуп ден соолукка кам көргүлө”, — деди ал.


Соңку маалыматтар боюнча Украинада 1,3 миңден ашык кишиге вирус жугуп, кыркка жакын киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/atkaminer-karantindin-shartyn-saktabagandardy-skt-video



Добавить комментарий