Атасы өзүнүн төрт жашар кызын зордуктадыбы?
Окуя 12-июлда Кочкор-Ата шаарында, саат 16:00 чамасында болгон. Бул тууралуу окуяга күбө болгон адам социалдык баракчасына бул ишке чара көрүүнү сурап жазып чыккан. Күбөнүн айтымында, ошол күнү кошунасынын төрт жашар кыздын кыңкылдаган үнүн уккан, ага удаа эркек кишинин дагы үнү угулган. Эшик ичинен кулпуланып, 5 мүнөттөн ашуун кыздын үнү басылган эмес. Бир убакта апасы менен карындашы келе жатканын көргөн. Алар эшикти ачып эле :"Дагы кызыңдын штанын чечтиңби? Ушундан көрө башкага барбайсыңбы?"-дешкен. Муну көргөн кошунасы милицияга дароо кабар берген. Участковый келип, кыздын атасын кармап кеткен. Бирок, өз көзүңөр менен көрбөптүрсүнөр деп жарым сааттан кийин бошотуп жиберген. Күбөнун айтымында эч жерден жардам болбогон соң, социалдык баракчалар аркылуу жеткирүүнү эп көргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/atasy-znn-trt-zhashar-kyzyn-zorduktadyby
Добавить комментарий ×