Атамбаевге суракка чакырылганда келбегени үчүн дагы бир айып тагылууда

30 ноябрь 2019 13:19 2998 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылып, ага келүүдөн баш тартканы үчүн дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев маалымат каражаттарына билдирди. Атамбаев крмала элек маалда “кримтөбөл” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча ИИМге суракка келген эмес.

Атамбаевге шектүү катары билдирүүнү тапшырышты. Ага бир гана Батукаевге байланышкан эпизод боюнча расмий айып тагылууда. Бул Кылмыш иши жасалма. Тергөөдө Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү бар экенин мойнуна коё турган бир дагы далили жок. Мен муну дайыма эле айтып келем, — деди жактоочу.

Алмазбек Атамбаевди кечээ Бишкектин Биринчи май райондук сотуна суракка күч менен алынып келингенин Сергей Слесарев билдирген. Айыпталуучу кылмыш ишиндеги жагдайлар менен таанышуусу үчүн сот отуруму 6-декабрга жылдырылган. 

“Кримтөбөл” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушун териштирүү боюнча иликтөө иштери 2019-жылдын январь айынан тарта кайра жанданып, октябрь айында сотко өткөн.

Бул иш боюнча сот отуруму 9-октябрга белгиленип, ага башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартып, келбей койгондуктан отурум 14-октябрга жылдырылган.  

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо 19 кишиге айып тагылууда. Алардын катарында, Батукаевге диагноз койгон дарыгер, лаборант, Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү, бир катар жогорку кызматтагы экс-чиновниктер бар.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaevge-surakka-chakyrylganda-kelbegeni-chn-dagy-bir-ajyp-tagyluuda



Добавить комментарий