Атамбаевди сотко күч менен алып келишти

29 ноября 2019 16:25 8185 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сурак берет. Ал күч менен алынып келингенин журналисттерге жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Ушу тапта сотто "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук жараян болору күтүлүүдө.

15-ноябрдагы биринчи соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен.

Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурум жабык өтөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-sotko-kch-menen-alyp-kelishti



Добавить комментарий