Батукаевдин иши боюнча сот башталбай жатып кийинкиге жылды
“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум башталбай жатып 14-октябрга жылды. Буга башкы айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартканы себеп болду.
Экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев бийлик түзгөн сценарий менен болуучу сотко катышыыны каалаган эмес.
- Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты. Алмазбек Атамбаев буга чейин эле «бул оюнда бийлик ага берген ролду аткарбайм» деп билдирген, - деди Слесарев.
Адвокат бул иште Алмазбек Атамбаевдин эч кандай айыбы жок экенин дагы айта кетти.
Сот иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилген жок.
Бул кылмыш иштин алкагында айыпталгандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук Гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов бар.
Ал эми ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев өлкөдөн чыгып кеткендигине байланыштуу ага сыртынан айып тагылууда.
Алгач бул иш боюнча 14 кишиге айып тагылган болчу. Алардын айрымдары тергөө менен келишип кеткендигине байланыштуу алардын жоокерчилиги өзгөртүлгөнү айтылат.
Ссылка: https://barometr.kg/batukaevdin-ishi-boyuncha-sot-bashtalbaj-zhatyp-kijinkige-zhyldy
Добавить комментарий ×