Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанында элдик штаб ачылды

25 июнь 2019 18:05 1671 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында элдик штаб ачылды. Ошондой эле басма сөз борбору ишин баштады. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Эскерте кетсек, 22-июнда Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө экс-президенттин 400дөй тарапташы чогулуп жыйын өткөрүшкөн.

Анда Атамбаев Кудайдан башка эч кимден корпой турганын билдирип, жаштар анын үйүн күнү түнү кайтарууга ниеттенип жатканын кошумчалаган. “Мен өзүмдү коргой алам” деген Атамбаев анда курал бар экенин, ошого карабай бул жигиттерди кубалап кетериле албай жатканын маалымдаган.

Бүгүн, парламентте Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын бүтүмү даяр болгонун Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-koj-tashtagy-jnn-zhanynda-eldik-shtab-achyldy



Добавить комментарий