Сот Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырды
Бүгүн, 20-августта УКМКда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Бөгөт чарасын кароо бүгүн саат 9:00дө башталган. Соттун чечими менен Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калтырылды.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын экинчи операциясынан соң колго түшкөн. Учурда Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Ал мурда 26-августка чейин камакка калтырылган.
Баш коргоо чарасы боюнча ишти Биринчи Май райондук соту карап, мурдагы президентти 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды.
Соттук процес УКМКда өттү.
"26-октябрга чейин баш коргоо чарасынын камакта калтыруу боюнча мөөнөтү узартылды, биз буга макул эмесбиз. Биринчи Май райондук сотунун мындай чечиминен кийин биз эми шаардык сотко кайрылабыз", - деди Атамбаевдин жактоочу.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-bash-korgoo-charasy-karaldy
Добавить комментарий ×