Атамбаев жоопкерчиликтен качпай турганын айтты
Алмазбек Атамбаев бүгүн аны Кыргызстандын экс-президенти статусунан ажыратуу жөнүндө жагдай тууралуу билдирүү таратты.
Атамбаевдин пикиринде азыр Жогорку Кеңеште болуп жаткан нерселердин баары Сооронбай Жээнбековдун саясий каршылашын четке сүрүү максатында болуп жатат.
Атамбаев жоопкерчиликтен качпай турганын айтты.
“Мен кылмыш иштери эч качан ушактар менен ыпылас фантазияларга негизделет деп ойлогон эмесмин. Жана башкы прокурор бул болбогон сөздүн баарын бир күндө мыйзамдаштыра коет деп ойлобопмун.Бул биринчиден. Экинчиден, мени эч ким парламентке чакырган жок.Чындыктан коркуп жатышат. Баардык арам иштерин акырын жасап, коркоктук менен жасап көнүп калышкан”,-деп айтылат президенттин карылуусунда.
Ал өзүнө тагылган айыптарды болбогон сөз катар сыпаттады.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-zhoopkerchilikten-kachpaj-turganyn-ajtty
Добавить комментарий ×