Атамбаев пневмонияга кабылып ооруканага жаткырылды

30 июнь 2020 11:46 1928 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония дартына кабылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ 29-июнда, Атамбаев ден соолугу начарлап жатканы айтылып, андан коронавирусту текшерүү үчүн ПЦР-тест алынган. Жыйынтыгында COVID-19 аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылган.

"Дарыгерлер онлайн консилиум өткөрүп, өпкөсүнөн эки тарабы сезгенгенин аныкташкан. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган. Акыркы жумада Атамбаев жактоочусу жана туугандары менен жолугушкан.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин жакын тууганынан коронавирус аныкталган жана ал аны менен байланышта болгон.

УКМКнын абагы штаттык режимде иштеп, Республикалык штабдын талаптарын аткарып жатканы кошумчаланды. Ошондой эле кызматкерлердин бардыгы текшерүүдөн өтүп, оорунун симптомдору табылган эмес.

 




Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-pnevmoniyaga-kabylyp-oorukanaga-zhatkyryldy



Добавить комментарий