Атамбаев менен Отунбаева Эгемендүүлүк майрамына арналган салтанаттуу иш чарага чакырылды

29 август 2018 14:35 1945 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага чакырылды. Мындан сырткары салтанатту иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана башка мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери чакырылды.     

Ошондой эле 31-августта президент Сооронбай Жээнбеков, борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышат. Анда мамлекет башчы куттуктоо сөз сүйлөй турганы күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-menen-otunbaeva-egemendlk-majramyna-arnalgan-saltanattuu-ish-charaga-chakyryldy



Добавить комментарий