Атамбаев күнү-түнү жаштар анын үйүн кайтарганы жатканын айтты
“Акыры учурларда менин көзүм ачылды-ушунча жыл бою жанымда ким жүргөнүн билдим”,-деп билдирди бүгүн Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулгандарга сүйлөп жатып.
Атамбаев азыркы бийликти кландык-мафиялык түзүм деп атап сынга алды.Ошондой эле колунан бийлик кеткенден кийин аны сатып кеткен мурдагы жакындарынан көңүлү калганын айтты.
«Мумуркулов [Иса Өмүркуловдун аты], Исаев, Иманалиевге эч качан мамлекеттик бийлик бербеш керек”,-деп баса белгиледи ал.
Атамбаев Кудайдан башка эч кимден корпой турганын билдирип, жаштар анын үйүн күнү түнү кайтарууга ниеттенип жатканын кошумчалады. “Мен өзүмдү коргой алам” деген Атамбаев анда курал бар экенин, ошого карабай бул жигиттерди кубалап кетериле албай жатканын маалымдады.
«Мага карата айтылып жаткандардын баары калп. Чимкирик парламент Атамбаевди соттойбуз дешип театр уюштуруп жатат, бирок мен алардын сотуна барбайм мен тарыхый, элдик жана Кудайдын сотуна даярмын. Жакын арада алар өздөрү сотко барат”,-деп айтты экс-президент.
Ар кандай маалыматтарга таянсак, бүгүн Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө экс-президенттин 400дөй тарапташы чогулуп жыйын өткөрүштү. Алар өлкөнүн ар кайсы аймагынан келишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-kn-tn-zhashtar-anyn-jn-kajtargany-zhatkanyn-ajtty
Добавить комментарий ×