Атамбаев эки тараптуу пневмониядан айыгып абакка которулду

9 июль 2020 11:51 6509 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмониядан айыгып абакка которулду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, ден соолугу жакшырган Атамбаев ооруканадан кайра УКМКнын тергөө абагына алынып келинди. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

"Дарыгерлер консилиум өткөрүшүп, Атамбаевди тергөө абагына которуу чечими кабыл алынды. Ал мурдагыдай эле медиктердин көзөмөлүндө болот", - деп айтылмат маалыматта.

Белгилей кетсек, 30-июнь күнү Атамбаев эки тараптуу пневманияга кабылып, ооруканага жаткырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-eki-taraptuu-pnevmoniyadan-ajygyp-abakka-kotoruldu



Добавить комментарий