Атамбаев бийлик, УКМК, парламенттик республика жана Салянова тууралуу эмне деди?

8 июнь 2019 15:24 1441 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги "Медиафорумдун" имаратынын жанында КСДП партиясы уюштурган “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” деп аталган митинг болду.

Митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. “Бүгүн көпчүлүк саясатчылар жашынып калышты, анткени бул бийлик кимди болбосун камайт, биринчи кезекте күнөөсүздөрдү деп ойлошту. Бирок жөнөкөй адамдар эч нерсесин жоготпойт”,-деп айтты ал.

Атамбаев  өз сөзүндө азыркы бийликти коррупция менен  күрөштүн атына жамынып алды деп сындады.   

“Күрөштүн имитациясы чыныгы коррупциядан дагы коркунучтуураак мындай учурда эмненин баарын гана жасап салса болот. Мени 24 жыл бою алдап жүрүптүр, бирок элди бир жылдан ашык алдай албайт”,-деди Атамбаев.

Атамбаев учурда анын бийлигин сындап жатышканын белгилеп, бирок Жээнбекводор ал учурда деле бийлик башында болушканын эскертип өттү. 

“2011-жылы Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы, мамлекеттин экинчи адамы болду. Бирок бул парламент азыркыдай чимкирик парламент эмес, өкмөттү кол каптай алмаштырган башкача парламент болчу. Ал эми Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы кыргыз-кытай чек арасындагы «Иркештам» бажы посту жайгашкан Ош областынын губернатору болуп турган”,-деп айтты ал.

Ошондой эле Атамбаев ал Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Раим Матраимов менен дос болгон деп күнөөлөп жатышкандарына токтолду.

Матраимовду ал 2010-жылы азыр ИИМ министринин орун басары болуп турган Курсан Асановдун үйүнөн бир ирет гана көргөнүн айтты.

Ал ошондой эле УКМКны тез арада реформалоо керектигин жана коррупцияга каршы кызматты өкмөттүн түзүмүнө киргизүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары экс-президент өлкө парламенттик республика болушу керектигин белгиледи. Атамбаев ошондой эле экс-башкы прокурор Аида Саляновага болушуп сүйлөдү.

“Азиз Батукаев үчүн кимдир бирөө акча жасаган, бирок бул Аида Салянова эмес”,- деп айтты ал.

Алмазбек Атамбаев бийликтен анын тарапташтарын саясий куугунтукту токтотууну жана корррупция менен реалдуу күрөш баштоону, болбосо кийинки ирет президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кыларын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-bijlik-ukmk-parlamenttik-respublika-zhana-salyanova-tuuraluu-emne-dedi



Добавить комментарий