Атактуу ырчы Мадонна оор абалда реанимацияга жаткырылды

29 июнь 2023 13:10 631 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мадоннанын менеджеринин айтымында, 64 жаштагы ырчы эс-учун жоготкон абалда табылып, ишемби күнү, 24-июнда Нью-Йорктогу ооруканага жеткирилген. Бул  тууралуу PageSix басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Буга олуттуу бактериялык инфекция себеп болгон. Мадонна реанимация бөлүмүнө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.   

Күндөн-күнгө Мадоннанын абалы порталдын маалыматына караганда жакшыра баштаган. Ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө. Ошондой эле ырчынын жанында дайыма кызы - Лурдес Леон турат. Маалым болгондой, ырчынын ооруп жатканына байланыштуу анын чоң гастролунун алкагында өтө турган концерттери кийинкиге жылдырылды.  

Ссылка: https://barometr.kg/ataktuu-yrchy-madonna-oor-abalda-reanimaciyaga-zhatkyryldy



Добавить комментарий