Атактуу нейрохирург Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан көз жумду
Кыргызстандын тажрыйбалуу дарыгерлердин бири Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери «Барометрге» билдиришти.
Бектемир Мукамбетөмүров Саламаттыкты сактоонун отличниги, КРнын эмгек сиңирген врачы жана Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн нейрохирургдарынын ассоциациясынын мүчөсү болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын № 2 нейротравма бөлүмүн 2003-жылдан баштап жетектеп келген. Анын эмгегт Жогорку Кеңештин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен бааланган.
Атактуу нейрохирургтун артында эки кызы, үч уулу калды.
Бектемир Мукамбетөмүровдун үй-бүлөсү, бир туугандары жана кесиптештерине «Барометрдин» жалпы жааматы терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/ataktuu-nejrohirurg-bektemir-mukambetmrov-eki-taraptuu-pnevmoniyadan-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×