Атактуу «Матрица» тасмасынын төртүнчү бөлүгүн тартышат

15 май 2019 10:02 6404 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Джон Уик-3» фильминин түзүүчүсү, режиссер жана каскадер Чад Стахелскинин айтуусунда, Вачовскилер жаңы «Матрицаны» тартуу үчүн даярдык көрүп башташты. Бул картина биринчи ирет 1999-жылы көрүүчүлөргө тартууланган миллиондогон көрүүчүлөрү бар фильмдин төртүнчү бөлүгү болуп саналат.  Yahoo Moviesтин корреспондентине берген маегинде  Стахелски бул жаңы фильм мурдагы үч бөлүгүнүн уландысы болобу же кайрадан жаңыланып тартылып чыгабы, али белгисиз экендигин, башкысы, фильмдин жаңы бөлүгүн эле тартпастан «Матрицанын» ааламын кеңейтүү жөнүндөгү Вачовскилердин идеясы жакканын билдирген. 

Трилогияда Чад Стахелски абдан коркунучтуу трюктарды аткаруу менен Киану Ривзанын дублерунун ролун аткарган. Ал ошондой эле жаңы картина кандай концепцияга ээ болору жөнүндө жана Вачовскилер «Матрицанын» төртүнчү бөлүгүнүн режиссерлору болору же продюсердин милдетин аткаруу менен гана чектелишери тууралуу так маалыматы жок экендигин белгилеген. Деген менен фильм жакшы ийгиликтерге жетет деп ишенет жана бардыгын таштап, жардам берүүгө биринчилерден болуп барарын айтат.

«Матрицанын» акыркы үчүнчү бөлүгү 2003-жылы прокатка чыккан. Картинанын аякташы ачык бойдон калып, уландысын тартууга мүмкүнчүлүк бар болчу. 2017-жылы бул жаңы бөлүмдүн сценаристи болгон Зак Пенн фильм Вачовскилерсиз тартылып калышы мүмкүн экендигин болжолдогон.

Ал эми көптөрдүн пикиринде Вачовскилердин картинанын жаңы бөлүгүн түзүүгө катышуусу принципиалдуу ролду ойнойт. Ошондой эле трилогиянын бардык фильмдеринде Неонун ролун аткарган Киану Ривз өзүнүн маектеринин биринде эже-сиңди Вачовскилерсиз «Матрицаны» тартууга катышууга даяр эместигин билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/ataktuu-matrica-tasmasynyn-trtnch-blgn-tartyshat



Добавить комментарий