Ата-энеси менен коштошуп видео тарткан Исатай Алибаев: Араң кутулдук
Арыста болгон апаат маалында окуя болгон жерден ата-энеси менен коштошкон аскер тарткан видеосу тууралуу бүгүн маек берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz. кабарлады.
Исатай Алибаев 27 жашта, Алмата шаарында туулган, төрт ай мурда кыздуу болгон. 2011-жылы аскерге чакыртылып ошондон ушул күнгө чейин келишим менен кызмат өтөп келет.
Анын айтымында, окуя болгон кезде жагдайды так билүү кыйын болгон. Ал бомбалоо башталып кеттиби деп ойлогонун айтты.
“Окуя саат 9.15-9.20 аралгында болду. Снаряддар учуп чачырап жатты, жарылуу толкуну болду. Бизди бомбалап жаткандай таасир калтырды. Коргонуу пунктуна жашырынсаң, ал дагы кыйрап жок болуп кетти. Баары учуп кыйрап жатты. Араң кутулдук”,-дейт Исатай.
Лейтенант Алибаев снаряддар түшүп жарылып жатканда өлүп каламын деп ойлогон.Ошондон улам жалгыз тилеги ата-энесин жакшы көрөрүн айтып коштошуп калууну көздөгөн. Ушундайча Казнетке видео тарап кеткен.
“Ата-энем менен коштошуп, сабыр кылып, акыры өлсөм бирөөлөрдү куткарып өлөйүн деп чечтим”,-дейт ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 24-июнда Казакстандын Түркестан областынын Арыс шаарында болгон жарылууда ата-энесине коштошуп видео кайрылуу жолдогон аскердин видоесу интернет айдыңында тарап кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/ata-enesi-menen-koshtoshup-video-tartkan-isataj-alibaev-ara-kutulduk
Добавить комментарий ×