Байден АКШ дүйнөдө артыкчылыгын жоготуу коркунучу бар экенин айтты

6 октября 2021 16:16 1886 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын президенти Джо Байден өлкө дүйнө боюнча экономикалык артыкчылыгын жоготуу тобокелдигинде турганын эскертти. Бул тууралуу Reuters булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Американын лидеринин айтымында, учурда АКШ өткөөл мезгиле турат жана туура багытта тандоо кылуу зарыл. Байден өлкөнүн ичинде масштабдуу инвестицияларды жүргүзбөсө, анын ичинде инфраструктурасын оңдобосо АКШ экономикалык артыкчылыгынан ажырай турганын билдирди.

"XX кылымда биз сезилерлик артыкчылык менен дүйнөдө лидер болуп келдик.Андан соң биз акырындап калдык жана өзүбүзгө инвестиция кылганды токтоттук”,-деп айтты башчы.

Байден АКШнын каршылашы болгон Кытай инфраструктурасына үч эсе көп инвестиция кылганын кошумчалады.

“Биздин атаандаштар куру кол карап отурбайт жана бизди эмне кылат деп күтпөйт”,-дейт Байден.

Буга чейин ал АКШ дефолтко кабылышы жана доллардын дүйнөлүк статусуна коркунуч келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Ссылка: https://barometr.kg/bajden-aksh-djnd-artykchylygyn-zhogotuu-korkunuchu-bar-ekenin-ajtty



Добавить комментарий