Асрандиев: коммерциялык банктарга насыялар менен пайыздарынын мөөнөтүн кеминде үч айга узартуу сунушталды
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт бизнес менен экономикага жардам берүү максатында антиризистик план иштеп чыгып жатканын маалымат жыйында айтты.
Ал планда иштеп чыгууда ишкерлердин сунуш-пикирлери дагы эске алына турганын белгиледи.
Ишкерлерге жардам берүү максатында Улуттук банк тарабынан насыя боюнча айыптар алынбасын деген чечим кабыл алынганын билдирди.
“Коммерциялык банктарга насыялар жана алардын пайыздарынын мөөнөтүн кеминде үч айга сузартуу сунушталган. Салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтүн жана Салык отчетторунун узартуу каралып жатат”, — деди ал.
Андан сырткары мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнө тыюу салуу дагы бир жылга узартуу каралып жатканын, ошондой эле салык жагынан жеңилдиктер иштелип жатканын айтты.
Добавить комментарий ×