Атамбаевдин жан сакчыларына карата тергөө башталды

28 август 2019 17:47 1045 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Башкы прокуратура мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган УКМКнын 9-кызматынын эки кызматкерине карата тергөө жүрүп жатканын тастыктады.

Аталган кызматтын кызматкерлери «Мамлекеттик күзөт жөнүндө» мыйзамга ылайык, Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун камсыздоонун алкагында ага бекитилген. Буга чейин УКМКнын мурунку башчысы Орозбек Опумбаев эки кызматкер формалдык түрдө УКМКга баш ийе турганын депутаттарга билдирген. Бирок аларды Алмазбек Атамбаев өзү тандап алган.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалыматында айтылгандай, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчилигинин алдындагы ведомстволор аралык тергөө тобу 7-8-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгондорго укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу, массалык баш аламандык уюштуруу, барымтага алууну уюштуруу, куралдуу каршылык көрсөтүү фактылары боюнча тергөөнү улантып жатат.

Ошондой эле Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү мурдакы президенттин күзөтчүлөрүнүн (аскер кызматкери деген макамы бар) иш-аракеттерин толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган тергөө иш-чарасын жүргүзөт.

Мындан тышкары Башкы прокуратурадан белгиленгендей, жактоочу Замир Жоошевдин күзөтчүлөргө барымтага алуу фактысы боюнча айыптала турганын айтып, аларды коркутушкан деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. «Тергөө органдары кылдат иликтөөнүн жыйынтыгы жана чогулган далилдерди эске алуу менен мыйзамдын талаптарына ылайык, юридикалык баа берет», - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/asker-prokuraturasy-murdaky-prezidenttin-zhan-sakchylarynyn-ishi-teksherip-zhatat



Добавить комментарий