Аскарбек Шадиев сыртынан камакка алынды

1 июнь 2018 21:00 1256 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу өкүмдү кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Анын жүрүшүндө, Шадиевге сыртынан кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча да кылмыш иши козголду. Белгилей кетсек, Шадиев бюджеттик 2 миллион сомду өздөштүрүп алууга шектелүүдө. Каражат КМШ парламент аралык ассамблеясына Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктарды тапшырууга багытталышы керек болгон. Бүгүнкү күндө Шадиевдин жүргөн жери белгисиз. Ал издөөгө алына элек.

Ссылка: https://barometr.kg/askarbek-shadiev-syrtynan-kamakka-alyndy



Добавить комментарий