Аскар Акаев Таласка кайын энесине учурашууга барды
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 6-августта Талас шаарына кайын энесине учурашуу үчүн барды.Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалганын “Барометр” билдирет.
Асыл апа 101 жашка чыккан.Балдары менен Талас шаарында жашайт.
Социалдык тармактарга Аскар Акаев, анын кайын энеси, Майрам Акаеванын бир тууганы Марат, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Жумалиевдин чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды.
Аскар Акаев Кыргызстанга 2-августта келген. Буга чейин маалым болгондой, “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaev-talaska-kajyn-enesine-uchurashuuga-bardy
Добавить комментарий ×