Аскар Акаев Бишкекке учуп келди. Аны УКМКга алып кетишти

2 августа 2021 15:42 5722 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу “barometr.kg" укук коргоо органдарындагы булактарга таянуу менен билдирет.

Буга чейин маалым болгондой, “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган.

“УКМК тарабынан кабыл алынган иш-чаралардын натыйжасында 2-августта мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди жана токтоосуз түрдө ведомстволор аралык иликтөө тобуна берилди. Учурда Акаев УКМКнын имаратында, анын катышуусу менен Кумтөр кени боюнча кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштери жүргүзүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет”,-деп айтылат булак берген маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaev-bishkekke-uchup-keldi-any-ukmkga-alyp-ketishti



Добавить комментарий