Асия: Кайын атам кийимимди чечип ташта деди

12 июль 2019 13:28 8503 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күйөөсүнүн көзүнө чөп салды деп айыпталып жаткан келин адилеттик издеп жатат. Бул тууралуу Казакстандын Stan.kz маалымат агенттиги «Пендебиз» берүүсүнө шилтеме жасоо менен кабарлады.

Казакстандык Асия Байжаркынова 18 жашында турмушка чыккан, эки кыздуу, бир уулдуу болгондон кийин күйөөсү кайтыш болгон. Андан соң 4 баласы менен ажырашкан эркек менен таанышып, мамиле куруп, ага турмушка чыгат. Бирок ал да көп узабай баардык түйшүктү мойнуна артып салып кетип калган. Анда-санда жолугушууга келип турган.

“Бир күнү ал мага мойнума таккан чынжырча алып келип берди, ушуну тагынып жүрсөң сенин ден соолугуңа жардам берет деди.Мурда ушундай бир чынжырчаны ден соолукка пайдалуу деп алып жүргөнүн көргөм. Көрсө ал GPS дейт”,-Асия.

Келин анын билбей эле тагынып жүрө берген. Акыр соңунда дагы бир жигитке кездешмек болгон.  

“Ташкентке жолго чыккам, бир жигит менен таанышып  калдым. Таңкы саат 6-7лерде батирден чыгып жаңы жигитим унаасын от алдырып жаткан. Ошол маалда экинчи күйөөм, атасы, карындашы, досу болуп келип калышты. Алар мени кайра квартирага алып кир дешти.Бирок жаңы жигитим буга макул болгон жок. Досу аны бычак менен коркутту. Баары жабылып келип мени ур-токмокко алышты. Үстүмдө жеңил эле майка бар эле.Кайын атам чечип ташта деп жулунуп, камерага түшүрдү”,-дейт Асия.

Ошентип экинчи күйөөсүнүн туугандары Байжаркынованы видеого түшүрүп алып, бир жыл өткөндөн кийин социалдык тармактарга жүктөп, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган келин деп жарыялашкан.

Бирок учурда анын экинчи күйөөсүнүн жакындары кармалып сурак берип жатат.

Учурда келин биринчи күйөөсүнөн төрөлгөн, учурда 16-17 жашка чыккан бой жетип калган эки кызынан коркуп, ЖМКларга бул окуянын чоо-жайын айтып берип адилеттик издеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/asiya-kajyn-atam-kijimimdi-chechip-tashta-dedi



Добавить комментарий