Ашынган атамбаевчи Мээрбек Мискенбаев 2 айга камакка алынды

28 декабрь 2019 11:29 7579 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ашынган атамбаевчи Мээрбек Мискенбаев №1 тергөө жайына 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди кечээ, 27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Мискенбаевге 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы массалык башаламандык боюнча “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу”, “башаламандык уюштуруу”, “барымтага алуу” айыптары тагылууда.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мээрбек Мискенбаев 2020-жылдын 9-февралына чейин тергөө жайында кармалат.

Биринчи май райондук соту кечээ ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранованын, Ирина Карамушкинанын жана КСДП партиясынын лидеринин орун басары Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасына үй камагын тандады.

Алардын баарына Кой-Ташта башаламандык уюштуруу, барымтага алуу жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу беренелери боюнча айып тагылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ashyngan-atambaevchi-meerbek-miskenbaev-2-ajga-kamakka-alyndy



Добавить комментарий