КСДПчы Кундуз Жолдубаева бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы КСДП партиясынын лидеринин орун басары Кундуз Жолдубаевага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
“Жыл жагымсыз жаңылык менен аяктаганы жатат. Азыр эле ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан Кундуз Жолдубаева барымтага алуу, массалык башамандык, ошондой эле бийликти күч менен басып алууга шектелип жатканы тууралуу маалымдалды.
Учурда аны сотко алып кетишти. Эми №1 тергөө жайына камакка алышат. Кундуз Жолдубаева 5 жашар кызын өзү жалгыз багып келет. Бул жагдайды эске алганда, тергөө органдарынын Жолдубаевага карата баш коргоо чарасын камакка алуу чечимин тандоосун жеткен акылсыздык деп эсептөөгө болот”, - дейт жактоочу.
Ссылка: https://barometr.kg/ksdpchy-kunduz-zholdubaeva-bijlikti-kch-menen-basyp-aluuga-shekteld
Добавить комментарий ×