"Барселонанын" экс-президенти жана бир катар жетекчилери камакка алынды
"Барселонанын" мурдагы президенти Хосеп Бартомеу футболдук клубдагы коррупцияга байланыштуу камакка алынды. Бул тууралуу Cadena SER сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, 58 жаштагы Бартомеу жеке пайда алуу максатында клубдун атынан бүтүмдөрдү түзгөн. 2020-жылы ал президенттин жана клубдун башка лидерлеринин кадыр-баркын баалоого, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу бир катар учурдагы жана мурунку оюнчуларды каралоо үчүн адистерди жалдаган. Анын натыйжасында, компаниянын бир катар жетекчилеринин аларга карата олуттуу айыптоолорго байланыштуу кызматтан кетишине алып келген.
Бартомеу менен бирге "Барселонанын" мурдагы башкы директору Оскар Грау жана адвокат Роман Гомес Понти камакка алынган.
Бартомеу 2020-жылы октябрда "Барселонанын" президенти кызматынан кеткен. Жаңы президентти шайлоо 7-мартта болот.
Полиция кече, 1-мартта башында "Барселонанын" кеңселерин тинтүүгө алды.
Ссылка: https://barometr.kg/barselonanyn-eks-prezidenti-zhana-bir-katar-zhetekchileri-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×