Жалал-Абад облусундагы ашууларга кар көчкү түштү
10-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда саат 08:30 чамасында Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 99-101-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) 500 кубометр жана Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 4-9- чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 3500 кубометр кар көчкү түшүп, унаа жолдор жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн, №27 ЖТИ 2 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 1 грейдер тартылып, саат 10:30да унаа жолдор бир тараптуу ачылган.
Учурда толук тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. (Жеринде байланыш жок болгондугуна байланыштуу КР ӨКМне маалымат кечиктирилип берилген).
Кошумча маалымат берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/ashuuda-kar-kchk-tsht
Добавить комментарий ×