Ашказан жарасынын алгачкы белгилери кандай болот?

21 ноябрь 2022 09:55 41737 39 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ашказанда же ичке ичегиде пайда болгон жаралар ашказан жарасы деп аталат.    

Жара ар түрдүү жашоо образынан мисалы, диеата жана стресс же ашказандын кычкылынын көп болушунан келип чыгышы ыктымал. Бирок акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй алардын көбүн Helicobacter pylori бактериялары пайда кылат.

Жаранын белгилери айрым адамдарда катуу сезилсе башкаларына көп сезилбеши ыктымал. Кээде жара эч кандай белги бербеши да мүмкүн. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянуу менен "Барометр" билдирет.

Эгер сизде ашказан ичеги жолдорунун, тамак сиңирүү системасынын оорулары бар болсо төмөндө көрсөтүлгөн белгилерге көңүл бура жүрүңүз.

  • Газдын көбөйүшү жана кекирүү
  • Сууну көп иче албоо жана ток болуп тургандай сезим
  • Тамак ичкенден кийин бир-эки сааттан соң кайрадан ачка болуу
  • Эртең менен турганда жеңил жүрөк айлануу көп таралган белгилердин бири
  • Чарчап-чаалыгуу жана адамдын өзүн жаман сезүүсү
  • Табиттин жоголушу
  • Салмактын жоголушу

Эгер дарыланбаса ашказан жарасы ички кан агууну жана тез медициналык көмөк көрсөтүүнү талап кылган башка маселелерди пайда кылат.

Кускан кезде кан аралашкан суюктук өтүшүп бара жактан жаранын белгиси болушу толук ыктымал.

Жара кимдерде кездешүүсү мүмкүн? 

  • H. pylori. бактериясын жугузуп алгандарда
  • Стероиддик эмес суук тийүүгө каршы препараттарды тактап айтканда ибупрофен, аспирин же напроксен дарыларын дайыма колдонгондордо
  • Ата-энесинде ашказан жарасы болгон адамдарда тукум куушу да мүмкүн
  • Дайыма алкоголь колдогон адамдар
  • Боору, бөйрөгү жана өпкөсүнө байланыштуу оорусу бар адамдар
  • Жаш курагы 50 жаштаган жогорулагандар

Ссылка: https://barometr.kg/ashkazan-zharasynyn-algachky-belgileri-kandaj-bolot



Добавить комментарий