Асель Кадырбекованы күйөрманы "скелет" деп айтканда, ырчы чыдабай айтышып кетти
Учурда социалдык түйүндөр аркылуу ар бир адам каалагандай оюн жазып, кааласа белгилүү, беделдүү адамдардын деле аброюна шек келтирген сөздөрдү жаза берген заман болуп калды окшойт. Дегенибиз, жакында эле ырчы айым Асель Кадырбекованын келбетине тийишип, "Ассоль Молдакматова эле болуп калыпсың, көп боенуп эмне кыласың? Назиктик нур жок, жүзүңдө нур жок. Бир "скелет" сүрөт турат"-деп жазылган билдирүүгө ырчы айымдын жини келип айтыша кетти.
"Сизге жагып же жакпашы маанилүү эмес. Өмүрүмдү сиз үчүн эмес, өзүм үчүн өткөзөм. Сизге окшогон адамдардын ою менен жашасам мага да, сизге да пайдасы жок. Ар бир пенде өзү үчун жооп берсин"-деп катуу айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekovany-kujrmany-skelet-dep-ajtkanda-yrchy-chydabaj-ajtyshyp-ketti
Добавить комментарий ×