Асель Кадырбекова: Мени коркутуп жатышат

11 май 2021 09:44 3548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асел Кадырбекованы кимдир-бирөө коркутуп жатканын ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты. Бул тууралуу ырчы айымдын соцтармактагы баракчасына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

"Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мени коркутуп жатышат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо, анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, анда журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат. Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан нерв болбош керектигин айтышкан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат", - деп жазды ырчы.

Эске салсак, эстрада ырчылары Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова 2018-жылы баш кошушкан. Ортосунда Дария аттуу кызы бар. 

Асель Кадырбекова 2020-жылдын 27-июнь күнү авто кырсыкка кабылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekovany-kimdir-bir-korkutup-zhatkanyn-ajtty



Добавить комментарий