Асель Кадырбекова өзү басып, кызын ойнотконго жарап калды

22 август 2020 09:44 4897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Нурлан Насип келинчеги Асель Кадырбекованын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ырчынын соц тармактагы өздүк баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Нурландын жубайы Аселдин кырсыктаганына эки ай болгон. Кырсык болгон күндөн баштап дуа кылып, сарсанаа болуп жаткан кесиптештерине, күйөрмандарына, туугандарына ыраазычылыгын билдирип, учурда абалы бир топ жакшырганын айтты.

“Кудайыма шүгүр, Асел кызы менен ойноп, өзү тамак ичип, өзү басып калды. Келинчегимдин жакшы болуп, бутунан туруп кетишине себепчи болгон врачтарга өзгөчө Сабырбек Жумабековго терең ыраазычылыгымды билдирем. Кудайым буюрса бир аз жакшы болгондон кийин Асел өзү да сиздерге ыраазычылыгын айтат", - деди Нурлан Насип





Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-z-basyp-kyzyn-ojnotkongo-zharap-kaldy



Добавить комментарий