Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен болгон мамилеси тууралуу билдирди

17 июнь 2021 13:54 6925 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Ар дайым элдин назарында жүргөн ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен ортодогу кызы үчүн жакшы мамиледе экенин айтты. Бул тууралуу ырчы айымдын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дарылануу үчүн Түркияга барган ырчы айым үй-бүлөлүк видео жүктөгөн.

"Бизге бакыт каалагандарга рахмат. Бакытты ар ким өзүнүн каалоосуна жараша алат. Биз кызыбыз үчүн жакшы мамилени кармап калабыз. Нурлан бул жакка өзүнүн жеке жумуштары менен келип, кызын көрүп, аны дагы клипке тартайын деди. Мен колдодум.

Ошондой эле, жеке жашоом тууралуу суроолор көп берилип жатат. Бул туурасында такыр ооз ачкым келбейт. Баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Тагдырын ушундай жол менен чечкен биринчи жана акыркы үй-бүлө жалгыз эле биз эмеспиз. Бул эки тараптуу чечим. Болгону бизди колдоп койгула жана талкуулабагыла. Маңдайга жазылганын көрөбүз", - деп жазган Асел Кадырбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-nurlan-nasip-menen-bolgon-mamilesi-tuuraluu-bildirdi



Добавить комментарий