Асель Кадырбекова мындан кийин "Жар-жар" айтмай болду. Ырчы ким биринчи чакырса ага белеги бар экендигин айтты

22 сентябрь 2018 13:40 8570 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Манастан Чубак кем бекен дедиби, айтор Асель Кадырбекова дагы эми "Жар-жар" айтып баштады. Бул туурасында ырчы кыз жеке баракчасына "Көпкө ойлондум, өздүк баракчама келген жеке каттардан улам, мындан кийин "Жар-жар" айтмай болдум. Эгерде ким биринчи мени чакырса, анда ага менден белек бар"-деп жазды. 

Интернет колдонуучулардын кээ бири "сен эле калдыңбы айтпаган", "сен жааар-жааар деп кыйналып сүйлөгүчө той бүтөт"-деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырса, айрымдары "сага да жарашат, назиксиң", "сонун болот"-деген жакшы билдирүүлөрү дагы калтырышты. 

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-myndan-kijin-zhar-zhar-ajtmaj-boldu-yrchy-kim-birinchi-chakyrsa-aga-belegi-bar-ekendigin-ajtty



Добавить комментарий