Асель Кадырбекова: Биз урушсак да Нурлан кызымдын атасы бойдон калат

27 март 2021 11:26 7439 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова кызынын туулган күнү экенин айтып, “биз Нурлан экөөбүз канча урушсак да ал кызымдын атасы бойдон калат” деди. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүн, 27-март кызым Дариянын туулган күнү. Кудайымдан кызымдын ден-соолугун, аман-эсен чоңоюушун сурайм. Кызым акылдуу, ыймандуу, эстүү кыздардан болсун. Артынан ини, сиңдилерди ээрчитип келген кыз болсун”, - деп жазды.

Ырчы кыздын бул постунун алдына күйөрмандары Нурлан экөөңөр кайра табышкан окшойсуңар, ини, сиңди ээрчитип келген кыз болсун” деп жазып калытырсыз деп суроо салышты.

Ырчы бул суроого “биз миң урушсак да Нурлан кызымдын атасы бойдон калат” деп жооп узатты.

Эске сала кетсек, Асель Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип экөө көптөн бери эки башка жашап жатышканын айтып, ден соолугу толук калыбына келсе мыйзамдуу түрдө ажырашарын жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-biz-urushsak-da-nurlan-kyzymdyn-atasy-bojdon-kalat



Добавить комментарий