Асель Кадырбекова: Нурлан экөөбүз чогуу жашабай калдык. Өзүмө келсем, мыйзамдуу түрдө ажырашам

22 марта 2021 13:34 6715 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен эки ажырым жолго түшкөнү тууралуу коомчулукка ачыктады. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, ырчы кыз күйөрмандарынын "сиздерди бирге жашабай калды деп жатышат го ошол чынбы" деген суроосуна ачык жооп берди. 

"Ооба чын. Биз мыйзамдуу түрдө ажыраша элекбиз. Бирок, чогуу жашабайбыз. Өзүмө толук келип, көзүм жакшы көрүп баштаганда мыйзамдуу түрдө ажырашам", - деп жооп берди күйөрмандарынын суроосуна ырчы. 

Буга чейин, Асель Кадырбекова жеке жашоосунда олуттуу көйгөйлөр болуп жатканын жазган. Көп өтпөй эле интернетте эки жылдыздын бирге жашабай калганы тууралуу сөздөр желдей тараган. 

Эске сала кетсек, Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова 2018-жылы дүркүрөтө той берип, жети дубанды кыдырып калың элдин батасын алып баш кошушкан. Жылдыздуу түгөйлөр Дария аттуу бир кыздын ата-энеси. 

Белгилей кетсек, Асель Кадырбекова 2020-жылдын жай айында авто кырсыкка кабылып, бир нече жолу оор операцияны башынан өткөргөн. Бир жылдан бери ден соолугун калыбына келтирүү менен алек болуп келген ырчы, чыгармачылыгына да азырынча кайта элек.



Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-nurlan-ekbz-choguu-zhashabaj-kaldyk-zm-kelsem-myjzamduu-trd-azhyrasham



Добавить комментарий