Асель Кадырбекова: Ата-энебиздин уруксааты менен өзүнчө бөлүнүп жашап жатабыз

28 декабрь 2020 13:09 9379 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова жолдошу экөө өзүнчө түтүн булатып, кайын журтунан бөлүнүп жашап жатканын айтты. Бул тууралуу ырчы кыз өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“З жыл кайын журтум менен чогуу жашадык. Эми ата-энебиздин батасын алып, өзүнчө бөлүнүп жашап жатабыз. Учурда ата-энебиздин колунда улуу кайнагамдар бар. Мен авариядан кийин жумуш кыла албай жаткандыктан ушундай чечимге келдик. Албетте, кайненеме жумуш жасатып коюуп жата албайт экенсиң. Ошондуктан ата-энебиздин ак батасы менен азырынча өзүнчө жашап жатабыз”, - деп жазды ырчы кыз.

Белгилей кетсек ,ушул жылдын  25-августунда Биринчи Май райондук соту Асель Кадырбекова кабылган жол кырсыгына күнөөлү делген айдоочунун ишин өндүрүштөн кыскарткан. Тактап айтканда, эки тараптын өз ара жарашуусуна байланыштуу күнөөлү делген жаран абактан бошотулган. 

Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Ырчы кыз бир топ убакыт жандандыруу бөлүмүндө жатып, оор операцияны башынан өткөргөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-ata-enebizdin-uruksaaty-menen-znch-blnp-zhashap-zhatabyz



Добавить комментарий