“Арзан баада үч бала сатылат” деген жарыянын ээси табылды

28 май 2019 14:47 5025 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда жакында коомчулукту дүрбөлөңгө салган, Актау шаарында жергиликтүү тургун үч баланы сатып жатканы тууралуу жарнама чыккан эле. Жарыянын автору аталган шаардан табылды. Бул тууралуу Мангистау областынын Ички иштер департаменти кабарлаганын Zakon.kz. сайты маалымдады. 

Ал жарыя берген үй-бүлөнүн 10 жаштагы баласы болуп чыкты. Бала фотону ата энесинин уруксатысыз жайгаштырып, тамашага салгысы келген экен. Жарыянын жок кылышып, ата-энесин полиция суракка алды.

Эске сала кетсек, кимдир бирөө арзан баада бала сатылат деген жарнама жарыялаган. Баасы 100 миллион теңге экени, баасы келишим түрдө экени көрсөтүлгөн. Үч баланын сүрөтү коюлган жарнама "кыймылсыз мүлк" рубрикасына коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/arzan-baada-ch-bala-satylat-degen-zharyyanyn-eesi-tabyldy



Добавить комментарий