Арысты эвакуациялап жатканда 200дөн ашык бала жоголду
Бөлүшүү:
“Арысты эвакуациялап жатканда 200дөн ашык бала жоголду. Жоголгон 212 баланын ичинен 177си ата-энесин тапты. Калган балдарды издөө улантылууда. Жоголгон балдардын тизмеси Түркестан областынын акимчилигинин сайтына жарыяланды”,-деп кабарлады «Астана» телеканалы.
Телеканалдын кабарчылары редакцияга ата-энелер телефон чалып жатышканын, алардын көбү шаардагы ызы-чууда балдарын жоготуп алышканын айтып жатышканын кошумчалашты.
Түркестан областынын акиминин кеңешчиси Сакен Калкаманов Facebookтагы баракчасына кабарлагандай, учурда 177 бала ата-энесин тапты, калгандарын издөө улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/arysty-evakuaciyalap-zhatkanda-200dn-ashyk-bala-zhogoldu
Добавить комментарий ×