Арык болуунун сегиз сыры
Арык болуу ар бир эле айымдардын кыялы. А бирок, мындай нерсени жасоо ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Көрсө арык аялдардын өзүнүн купуя сыры болот экен. Аны биле жүрүңүз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
1.Алар уйкусун ар дайым кандырат. Күнүнө кеминде 8 саат уктоого тырышат. Түштөн кийин балдары менен чогуу эс алат. Ошон үчүн дагы алар уйкунун жетишпестигин тамак менен толуктабайт.
2. Алар өзүнүн кызыкчылыгынан эч убакта баш тартпайт. Башкача айтканда, саякаттоjго, достору менен жолукканга жана сүйүктүү хоббисин жасоого да убакыт таап жетишет.
3. Арык аялдар эч убакта белгилүү бир диетага отурбайт. Бул түрдөгү аялдар ашказанын эч убакта капа кылбайт. Табити эмнеге тартып турса, бардыгын жей берет.
Алар тамак жеген учурда эч качан шашпай, тамактын даамына ырахат алып жейт.
4. Арык аялдар күнүнө төрт ирет, аз өлчөмдө тамактанат.
5. Бул түргө кирген айымдар тамактын даамдулугуна жана табигыйлыгына көңүл бурат.
6. Бир орунда турууну жактырбайт. Тагыраак айтканда шаңдуу бий, ыр менен кошо жүрөт.
7. Арык айымдар башына кандай гана кыйынчылык түшпөсүн, аны жеңүүгө аракет кылат. Мисалга, медитация жасайт жана жүрөгүндө кек сактаганды билбейт.
8. Алар өздөрүн колго алууну ар дайым билет. Бираз эле оорлошуп, салмак кошуп жатса тамактын өлчөмүн азайтып, дароо арыктаганга киришет.
Ссылка: https://barometr.kg/aryk-ajymdardan-segiz-keesh
Добавить комментарий ×