Артыкбаевдин жактоочусу: Каржы министрлиги Энергетика министрлигинин иш аткаруучуну тандоого тиешеси жок экенин мойнуна алды

30 май 2019 11:24 1449 Barometr
Бөлүшүү:
ok


29-майда Бишкек шаарынын Свердлов районунда болгон сот ишинде экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин коргоосу анын Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо подрятчикти тандоого тиешеси жок экенин далилдеди. Бул тууралуу жактоочулар билдиришкенин kaktus.media булагы маалымдады.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кылмыш ишин карап жаткан маалда Каржы министрлигинин кызматкери- жабырлануучу тарап болуп жаткан Азамат Исаков суракка алынды.

Экс-энергетика министри, парламенттин депутаты Осмонбека Артыкбаев жактоочусу Нурлан Сыдыков насыялык келишим  долбоору өкмөт тарабынан кабыл алынганын далилдеди.

Азамат Исаков жактоочунун суроолоруна жооп берип жатып келишим долбоору боюнча министрликтердин эскертүүлөрү  Энергетика министрлигинде эмес болгону өкмөттүн аппаратында гана эске алына турганына макул болду. 

“Эскерте кетсек, буга чейин Азамат Исаков  регламентке ылайык, башка министрликтердин эскертүүлөрүн бир гана өкмөт эске алууга укуктуу экендигине карабастан, Энергетика министрлиги дагы эскертүүлөрдү эске алышы керектигин билдирген”,-деп айтты жактоочу.

Сотто жактоочу анын мурдагы билдирүүсү эмнеге негизделгендигин сураганда, Исаков негиздүү жооп бере алган жок. Андан тышкары, ал жооп берүүдөн качуу менен тергөө жооп бериши керектигин айтты.

Жактоочу Асель Рыспаеванын айтымында, ал жооп берүүдөн тайсалдоого аракет кылып буга тергөө жооп бериши керек демек болду.

“Сиз Энергетика министрлигинде жыйын болду деп жатасыз, бирок мындай жыйын Энергетика министрлигинде гана эмес, өкмөттүн, президенттин аппаратында, Тышкы иштер министрлигинде жана башка министрликтерде өткөрүлгөн”,-деп айтты адвокат.

Соттун жыйынында Каржы министрлигинин кызматкери мурдагы билдирүүсүнөн баш тарта турганын айтты.

Рыспаеванын айтымында, өкмөттүн регламентине ылайык долбоор боюнча эскертмелерди өкмөттүн аппаратындагы тармактын бөлүмдүн кызматкелери иштеп чыгат.Андан кийин өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, ошондой эле бул маселени көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр башка министрликтердин эскертүүлөрүн эске алабы же жокпу карап туруп чечим кабыл алат.

Исаков жактоочунун суроолоруна жооп берип жатып өкмөттүн аппараты эскертүүнү эске албагандыгын жана тиешелүү документ өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал аппараттын ишине кийлигишүүгө Энергетика министрлигинин укугу жок жана болушу да мүмкүн эместигин бекемдеди.  

Андан соң Артыкбаевдин адвокаты эмне үчүн Каржы министрлигинин кызматкери подрядчикти Энергетика министрлиги тандаган деп билдиргенин сурады.

Азамат Исаков  жалпы фразалар менен сүйлөп, жооп берүүдөн катууга аракет кылды. 

Адвокат  акционердик коомдор тууралуу мыйзамга ылайык “Электр станциялары” подрядчиктерди өз алдынча тандап алууга жана алар менен келишим түзүүгө укуктуу экенине көңүл бурдурду.Бул компаниянын акцияларыв Мамлекеттик мүлк фондусуна таандык болгон.    

Жактоочу Финансы министрлигинин кызматкеринен мурдагы билдирүүсүн негиздеп берүү тууралуу бир нече ирет сураганда, ал акыры Энергетика министрлиги подрядчикти тандабагандыгын айтты.

Жактоочу журналисттерге жооп берип жатып, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн подрядчиктерди тандоого, ошондой эле «Электр станциялары» менен кытайлык компания ТВЕА ортосундагы модернизация тууралуу түзүлгөн келишимге  Осмонбек Артыкбаевдин катыштыгы жок экени далилденгендигин билдирди.

Бул арада соттун имаратынын алдына экс-министрдин тарапташтары-Токтогул районунун жергиликтүү тургундары менен жергиликтүү кеңештеринин депутаттары чогулушту, алар ар бир сот жыйынына келип жатышат.

Токтогул районунун Үч-Терек айыл кеңешинин депутаттары соттордон Осмонбек Артыкбаевге карата адилет чечим чыгарып берүүнү талап кылып жатышканын билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/artykbaevdin-zhaktoochusu-karzhy-ministrligi-energetika-ministrliginin-ish-atkaruuchunu-tandoogo-tieshesi-zhok-ekenin-mojnuna-aldy



Добавить комментарий