Кудай кандай болорун Арстан Алай сүрөттөп берди
Бир учурда өзүн Кудаймын деп чыккан Арстан Алай бүгүн, 3-мартта кайтадан маалымат жыйын курду.
Ал динде Кудай адам түспөлдөш экени боюнча баяндалагынан айтты.
“Динде асманда карыя отурат деген сүрөттөлүш берип койгон. Асманда андай эч нерсе жок. Болгону асманда энергия бар. Ал эмне деген сөз? Мисалы “мазардын ээси бар” деп коёт. Бирок ал жерде абышка же аял отурган жок да, ал жакта энергия бар. Кудай дагы ошол сыяктуу энергия экен. Ал керек болгондо бир адамдын ичине кирип, аны кийип алат. Биздин денебиз жөн гана аткаруучу”, — деди ал.
Арстан Алай дүйнөнү каптаган коронавирустан кыргыз гана сактай турганын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/arstan-alaj-kudaj-kandaj-bolorun-srttp-berdi
Добавить комментарий ×